Кыргызстан, 3-февралда, Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясына аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган компания агенттикке быйыл 8-февралдан 21-мартка чейин «Дүйшөмбү – Үрүмчү – Дүйшөмбү» жана 5-февралда «Дүйшөмбү – Новосибирск – Дүйшөмбү» багыты боюнча Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Агенттик компаниянын кайрылуусуна макулдугун берген.
Каттамдар Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары аткарат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз