Site icon Reporter.kg

Кыргызстан текстиль тармагында Италия менен кызматташат  

Инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев Италия-Россия соода-өнөр жай палатасынын президенти Фернандо Пелаццо менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Пелаццо Италияда жасалган текстиль дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ экенин баса белгиледи.  Ал эми бул багытта Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү каалоосун билдирди.

Текстиль экспортун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.  Жээналиев белгилегендей, Кыргызстан италиялык компаниялар менен инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version