Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Түркияга 20 тонна малдын терисин сатты

Кыргызстан, Америка, Түркия, Канадага малдын терисин экспортоодо. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Новопавловка айылындагы “Бархан дог чьюс” заводунда кара малдын (жылкы, уйдун) жана майда малдардын (эчки, кой) терисин чет өлкөгө сатууда.

Аталган завод 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукциясын Америка, Канада, Түркияга экспорттоп келет. Алсак, 2021-жылы Америкага 35 тонна, Канадага 15 тонна, 2022-жылы Америкага 60 тонна, 2023-жылы Америкага 50 тонна, 2024-жылдын биринчи кварталында Түркияга 20 тонна экспорт кылган.

Чүй облусунун аймагында терини кайра иштетүүчү дагы бир завод ишке кирип жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version