Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Түштүк Транскаспий коридору аркылуу Европага жүк ташымакчы

Түштүк Транскаспий коридору аркылуу Кыргызстандан жана Кытайдан Европа өлкөлөрүнө, Грузияга, Азербайжанга автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташуу пландалууда.  Бул тууралуу Садыр Жапаров Баку шаарында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитинде билдирди.

Белгилей кетсек, Транскаспий коридору  — Кытай, Казахстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Кара деңиз аркылуу өткөн Европага жол.

Анда транспорттун эки түрү колдонулат: темир жол жана деңиз.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» долбоору 4 миллиард адамды бириктирет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version