Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Япониядан жардам алды

Жогорку Кеңеш Япония менен саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча эки келишимди жактырды. Документтерге 2025-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган.

Биринчи долбоор “Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” боюнча 500 миллион жапон иенине чейин бекер жардам каралган. Каражат алыскы аймактарга заманбап диагностикалык жабдуулары бар көчмө медициналык комплекстерди сатып алууга жумшалат.

 Экинчи долбоор “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендия программасы” Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин Япониянын алдыңкы университеттеринде магистратура жана докторантурада окутууну карайт.

Exit mobile version