Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Японияга 400 тонна бал экспорттойт

10-августта Токиодо Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Келишимде көрсөтүлгөндөй, Sojitz соода компаниясынын катышуусу менен Japan Style жана Yamada Bee Company Group тарабынан кол коюлган.

Компаниялардын келишимдерине ылайык, балдын көрсөтүлгөн көлөмү Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакын арада 20 тонналык биринчи контейнер жөнөтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version