Кыргызстан Японияга бал экспорттошу мүмкүн

Кыргызстан Японияга бал экспорттошу мүмкүн

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Яманаси шаарынын мэри Харуо Такаги менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга аталган шаардын депутаттары дагы катышкан.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Яманаси менен Кант шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болгон.

Ошону менен бирге, Японияга Кыргызстандан бал экспорттоо, биргелешип шарап өндүрүү, ошондой эле адамдык ресурстарды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>