Кыргызстан жайкы Олимпиадага 21 жолдомо алууну көздөөдө

Кыргызстан жайкы Олимпиадага 21 жолдомо алууну көздөөдө

2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев билдирген.

Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон.

Арпачиев Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Масловалар (жеңил атлетика)  уткан беш жолдомо бар экенин айтты.  

Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделүүдө.

Учурда медаль уткан спортчуларга 5тен 10 млн сомго чейин бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси каралууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-декабрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында спортчуларды 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп жана Паралимпиадалык  июндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. 

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>