Министрлер кабинети Жашыл климаттык фонд менен биргеликте 6 ири экологиялык долбоорду ишке ашырууну бекитти. Алар климаттык туруктуулукту жогорулатууга жана жаратылышты коргоого багытталган.
Бекитилген долбоорлор төмөнкү багыттарды камтыйт:
— Шаарларда абанын тазалыгын жакшыртуу
— Баткендеги сугат суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
— Ысык-Көлдүн жаратылышын сактоо
— “Жашыл” ишкердикти өнүктүрүү
— Климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту арттыруу
— Жаңы экотехнологияларды турак жайларга киргизүү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев: “Биологиялык ар түрдүүлүк менен суу ресурстарын коргоо — келечек муундар үчүн тоо экосистемаларын сактоонун ачкычы. Бул ишти убагында жана активдүү жүргүзүү зарыл”, — деп белгиледи.