Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун Тажикстанга өткөрүп берди

Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун Тажикстанга өткөрүп берди

Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын чек арачыларына Жеңиш эстафетасынын символун өткөрүп берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Беларустун Брест жана Орусиянын Мурманск шаарларынан 5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Ар күн сайын эстафетанын символун улам бир жаңы шаарда тосуп алышууда. Эстафета символун алып жүрүүчүлөр 10 өлкөнүн эстелик жайларын кыдырып чыгышат.

Жеңиш эстафетасын, 2-майда, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-Автожол” көзөмөл өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары Казакстандын чек арачыларынан салтанаттуу түрдө кабыл алышкан.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы Бишкек жана Ош шаарларында өттү.

Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш эстафетасы акциясы 28-майда Москва шаарында “Белгисиз жоокердин күмбөзү” мемориалдык комплексинин жанында соңуна чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>