Кыргызстан жиберген гумжардам Сырдарья облусунун акимине тапшырылды — сүрөт

Кыргызстан жиберген гумжардам Сырдарья облусунун акимине тапшырылды — сүрөт

Кыргызстан тарабынан жиберилген гуманитардык жардам Өзбекстандын Сырдарья облусунун акими Гофуржон Мирзаевге тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүктү тапшыруу иш-чарасына Кыргызстандын коңшу өлкөдөгү элчиси Ибрагим Жунусов, Сырдарья облусунун акимчилигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Коңшу өлкөнүн жабыр тарткан калкы үчүн жиберилген 1000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген.

Өз сөзүндө элчи Ибрагим Жунусов оор учурларда Кыргызстандын жана Өзбекстандын элдери ар дайым бири-бирине  боордош жардам колун сунушканын белгилеген.

Сырдарья облусунун хокими Гофуржон Мирзаев гуманитардык жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген.

Белгилей кетсек, 1-майда Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылып, Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунун 70 миңдей тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

Суу коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир нече айыл-кыштагын да каптап, 30 миңден ашык адам жапа чеккен. 

[su_image_carousel source=»media: 28201,28203,28204,28205,28206″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>