Site icon Reporter.kg

Кыргызстан ЖККУнун парламенттик дипломатиясын талкуулоочу аянтчага айланат

Бишкекте ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

19-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларусь республикаларынын парламент башчылары катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, парламенттик дипломатия чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, 18-майда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдө парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болот.

Exit mobile version