Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылынан тарта өлкөдөгү бардык мугалимдер сабак өтүүлөрдү жана окуучулардын жетишкендиктерин электрондук форматта — «Күндөлүк» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана жүргүзүшөт.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, мурда колдонулуп келген кагаз түрүндөгү класстык журнал толугу менен жокко чыгарылды.
“Жаңы система мугалимдердин ишин жеңилдетип, билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөөнү жеңилдетери күтүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.