Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 1-январдан тарта жөлөкпулдар 100%га көтөрүлдү

2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу 2021-жылдын бюджетинин аткарылышынын алдын ала жыйынтыгын берген маалыматта айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул өткөн жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөкпулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башка бардык жөлөкпулдар боюнча көрүнүш ушундай эле. 2021-жылы алар жогорулоо жагына карай өзгөрдү.

ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, майып балдарга жана кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 4000 сомдон 6000 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге — 4000 сомдон 8000 сомго чейин көтөрүлдү.

Кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 3300 сомдон 4950 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге көтөрүлүп, 6600 сомду түздү.

Ал эми кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 2700 сомдон 4050 сомго чейин жогорулатылган;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып эки эсеге 5400 сомго чейин көтөрүлдү.

Ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдарга ай сайын жөлөкпул:

-​2021-жылдын 1-октябрынан тарта 1000 сомдон 1500 сомго жогорулатылган.

-​2022-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 2000 сомду түздү.

Ошону менен катар тоголок жетим балдардын жана ата-энеси дайынсыз балдардын жөлөкпулдарын 50 жана 200 пайызга (3 эсе) көтөрүү каралган:

-​мындай балдарга 2021-жылдын 1-октябрынан тарта жөлөкпул 2000 сомдон 3000 сомго көтөрүлгөн;

-​2022-жылдын 1-январынан тартып 3 эсе көтөрүлүп, 6000 сомду түздү.

Exit mobile version