Шаар жеринде аялдардын саны басымдуулук кылат, алардын үлүшү 52,3%ды түзөт, ал эми айыл жеринде эркектер басымдуулук кылат – 50,7%. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.
2021-жылдын башында 90 депутаттын ичинен 19 аял, же 21%ы мандат алган. 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын 38% аялдар болгон.
Алсак, жергиликтүү деңгээлдеги аял депутаттардын саны 2012-жылга (9%) (2021-жылы 37,8%) салыштырмалуу 4 эсеге көбөйгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз