Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 100 күндө үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, Атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута  «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүгө старт берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президентинин администрациясынын кызматкерлеринин эмираттык кесиптештери жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирге 2 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча өттү.

Биринчи этапта 100 күндүн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат:

1. Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;

2. Кыргызстанда электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;

3. Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

Белгилей кетсек, «Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул – Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version