Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 103 миң гектардан ашуу аянтта зыяндуу чегирткелер табылды

2-июлга карата өлкө боюнча 103 миң 696 гектар жерде зыяндуу чегирткелер табылды. Жалпысынан 144 мин 673 гектар аянт изилденген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чегирткелер чыккан жерлердин 90%ында (92 миң  709 гектар аянтта) химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Министрлик жаздын эрте келиши, кургакчылык, ошондой эле май айындагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин тарыхый очокторунда массалык чыгууга себеп болгонун билдирди.

«Быйылкы жылы республика боюнча акыркы 12-20 жылда кездешпеген очоктордо массалык чыгуулар катталды»,- деп айтылат маалыматта.

Облустар боюнча абал төмөндөгүдөй:

Exit mobile version