Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 15-мартта биринчи жолу Аталар күнү майрамдалат

Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Министрлик билдиргендей, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы филармонияда “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

«Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанда Аталар күнү негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат. Аталар күнү эс алуу күнү болбойт.

Кыргызстанда жаңы майрам пайда болду

Exit mobile version