Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 200 миң жеткинчек бала бакчага барат

Быйыл жарым жыл ичинде Кыргызстанда бала бакчалардын саны 64кө көбөйдү. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө бала бакчалардын саны 1 миң 712ге жетти.

Жаңы бала бакчалардын ачылышы менен аларга 4 миң бала бара баштаган. Учурда Кыргызстанда 200 миң жеткинчек бала бакчага барат.

Ошол эле учурда 3-6 жаш арасындагы балдардын жарымына жакыны гана (48%ы) бала бакчага барат.

Exit mobile version