Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 222 мектептин директорлугуна сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги 222 мектеп директорунун ордуна сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 7 мектеп директорунун орду бош, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67.

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version