Бүгүн Кыргызстанда бир сутка бою куран окуу башталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Бишкектеги борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгынын ачылыш аземи өтүп, биринчилерден болуп муфтий Замир Ракиев окуду.
Маалыматка караганда, куранды толук жаттаган карылар кезектешип 2-3 сааттан окушат.
Иш-чара Бишкектен кийин Жалал-Абадда уюштурулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз