Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 32 жаңы медициналык мекеме курулууда

Өлкө боюнча жалпы 32 жаңы медициналык имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо тармагына жыл сайын бөлүнгөн каражаттын көлөмү өсүп жатат.

«Бул — жөн гана сандар эмес, бул ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө сапаттуу медициналык кызмат алууга тийиш деген мамлекеттик максат,» — деди Орунбеков.

Медицинага бөлүнгөн каражаттар:

Курулуп жаткан мекемелердин аймактык бөлүнүшү:

Дайырбек Орунбеков пандемия кыргыз медицинасын чоң сыноого салганын белгилеп, андан кийин бул тармакта өзгөрүүлөр башталганын кошумчалады.

Exit mobile version