Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 390 адам коронавирустан дарыланып жатат

Кыргызстанда 390 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Амбулатордук (үй шартында) 244 адам, стационарда 146 адам. Алардын ичинен 18 адам өтө оор, 63 адам оор абалда. 65 бейтаптын (же 44,5 пайызынын) абалы орто деп бааланууда.

2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 195 734 адам айыгып чыкты.

Exit mobile version