Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 416 киши 50 миң сомдон көп пенсия алат

Кыргызстан 416 киши 50 миң сомдон өйдө пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев өлкөдөгү эң аз жана эң көп пенсия канча экенин сурады.

Алиев быйыл 1-октябрда пенсия көбөйтүлгөндөн кийин эң аз пенсия 6,9 миң сомду түзгөнүн айтты. Ошол эле учурда эң көп пенсия канча экенин тактап айткан жок, бирок 416 киши 50 миң сомдон көп пенсия аларын билдирди.

Exit mobile version