Кыргызстанда 488 миң адам шайлоо дарегин которуу боюнча арыз жазган

Кыргызстанда 488 миң адам шайлоо дарегин которуу боюнча арыз жазган

Кыргызстанда 481 миң адам шайлоо дарегин которуу боюнча арыз жазган. Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Форма 2, шайлоо даректерди алмаштыруу боюнча көп арыз түштү. Бул жылы конституциялык мыйзамга жаны өзгөрүүлөр кирген. Ал шайлоочуларды коргоо максатында киргизилген. Мурда да форма 2 менен абдан көп адам кайрылат эле. 2015-жылкы шайлоодо 200 миңден ашуун адам кайрылган. 2017-жылы  315 миң адам шайлоо дарегин өзгөртүүнү көздөп кайрылган болчу. Бул жылы жалпы 488 миң адам шайлоо дарегин которуу боюнча арыз берген», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.

Тэги: 2020 шайлоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>