Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда 5,9 миң бала оор абалда жашайт

2023-жылы өлкө боюнча 5,9 миң бала оор социалдык абалда жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ал жашы жете электер ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан, иштеген жана эмгектин эң начар формаларына тартылган, кароосуз калган, мыйзам менен чатагы бар, зомбулукка кабылгандар.

Мекеменин маалыматында,  3 миң 700 баланын социалдык кызматкерлердин жардамы менен жашоо шарты өзгөрдү. Калган 2 миң 200 бала боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version