Site icon Reporter.kg

ӨКМ эскертет: Кыргызстанда аба ырайы 40 градуска чейин ысыйт

Кыргызстандын аймагында 26-30-июндарда аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

«Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version