Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда айлык акы көп төлөнгөн аймак аныкталды

Быйылкы жылы кыргызстандыктардын орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 26 миң 620 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Бул 2021-жылга салыштырмалуу 31,8%га көп. Мында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 15,7%га өскөн. Доллар менен эсептегенде бул сумма 316,5 долларды түзөт.

2022-жылга карата аймактар ​​боюнча номиналдуу эмгек акынын өлчөмү:

Нарын облусу – 27 452 сом

Талас облусу – 26 804 сом

Жалал-Абад облусу — 25 826 сом

Чүй облусу – 22 989 сом

Баткен облусу – 21 690 сом

Ысык-Көл облусу — 20 513 сом

Ош облусу – 20 366 сом

Бишкек шаары – 32 229 сом

Ош шаары – 24 811 сом.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version