Кыргызстанда айрым мыйзам актылары күчүн жоготту деп таанылды

Кыргызстанда айрым мыйзам актылары күчүн жоготту деп таанылды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Эми Кыргыз Өкмөтү ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>