Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда акыркы суткада 47 адамдан илдет аныкталды, 101 бейтап сакайды

Кыргызстанда акыркы суткада 47 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 8, Ош – 2, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 2, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 14.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагы боюнча жалпы 44 миң 928 адам вирус жуктурган. Ал эми соңку суткада 101 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Жалпы илдеттен айыккандардын саны – 41 миң 23.

Өткөн суткада илдеттен каза болгондор катталган жок. Буга чейин вирустан жалпы 1063 адам көз жумган.

Exit mobile version