Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда акыркы суткада илдет 172 адамдан аныкталды

Кыргызстанда акыркы суткада илдет 172 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 18, Ош – 11, Чүй облусу – 11, Ош облусу – 21, Талас облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 23, Баткен облусу – 77.

Буга чейин өлкө аймагы боюнча жалпы 46 миң 841 адамга вирус жуккан, анын 42 миң 983ү сакайды.

Соңку суткада COVID-19 илдетинен Ош облусунан бир адам каза болду. Жалпы илдеттен 1065 адам көз жумду.

Exit mobile version