Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 78 адамдан тастыкталды, өлүм катталган жок

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана пневмония 78 адамдан катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Илдетти жуктургандар аймактар боюнча: Бишкек – 18, Ош – 1, Чүй облусу – 10, Ош облусу – 6, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу – 12.

Бүгүнкү күнгө чейин илдетти жуктургандардын жалпы саны 43 миң 898ге жетти.

Ал эми өткөн суткада вирустан каза болгондор катталган жок.

Exit mobile version