Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда «Алатау» транспорттук-логистикалык комплексин куруу сунушталды

Кечээ, 22-майда Бишкек шаарында кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.

Жолугушууда Казакстан тарап «Алатау» эл аралык транспорттук-логистикалык комплексин (ITLC) Кыргызстанда курууну сунуштаган.

Маалыматта айтылгандай, бул долбоордун максаты — эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар товарларды кайра иштетүү, сактоо жана жайылтуу боюнча кубаттуу борбор түзүү.

Аталган комплекс төмөнкүлөрдү бириктирет:

Мындан тышкары жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктун модернизациялоо жана туризм менен сооданын жаңы кыймылдаткычы боло турган Алматы-Ысык-Көл автожолунун долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Exit mobile version