Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда алгачкы ирет өзгөчө коркунучтуу пестициддерге тыюу салынды

Кыргызстанда биринчи жолу өзгөчө коркунучтуу пестициддерди жүгүртүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кабыл алынган буйрукка ылайык, курамында паракват дихлориди таасир этүүчү заты бар пестициддерди жүгүртүүгө – иштеп чыгууга, өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого толугу менен тыюу салынды.

Паракват – адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүчү өтө кооптуу химикат. Ал рак ооруларын, балдардын нерв системасынын бузулушун, репродуктивдик ден соолукка жана эндокриндик системага зыян келтирерин эл аралык изилдөөлөр тастыктаган. Жуткан учурда бир чай кашыгы өлүмгө жеткирүүчү доза болушу мүмкүн. Европа Биримдигинде бул затка лицензия жокко чыгарылып, уулануу жана өлүм учурлары кескин азайган.

«Бул Кыргызстандагы айыл чарба тармагында коопсуздукту жогорулатууга жана элдин саламаттыгын коргоого багытталган маанилүү кадам. Департамент алдыдагы этаптарда дагы ондогон кооптуу химикаттарга каршы тиешелүү буйруктарды иштеп чыгууну пландаштырууда»-деп билдирди министрлик.

Exit mobile version