Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда апрелде Азербайжандын Маданият күндөрү өтөт

Кыргызстанда апрелде Азербайжандын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 26-февралда маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Азербайжандын маданият министринин кеңешчиси Олег Амирбеев менен жолуккан. Анда алар апрель айына пландалган Азербайжандын Маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашкан.

Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелери боюнча сөз болгон.

Exit mobile version