2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял – 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи жолу никеге туруусунун орточо жаш курагы 24 жашты, ал эми кайрадан никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз