Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аткаминерлерге бюджеттин эсебинен кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды

авто

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстанда министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызматтык унааларды сатып алууга, бюджеттик каражаттардын эсебинен административдик имараттарды жана кызматтык жайларды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тыюу салынган.‎

Мындай чечим Кыргызстандын президентинин республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынды.

Документ 2021-жылдын 2-декабрында кабыл алынган.

Exit mobile version