Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт

8-мартта дүйнө жүзүндө Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий таанылып, ошондон бери аялдардын укуктарын коргоонун символу катары саналып келет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2025-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамга жеткен. Анын 50%дан ашыгын аялдар түзөт.

Өлкөдө аялдардын орточо жашы эркектерге караганда бир аз жогору: аялдар — 30 жаш, эрекектер – 28 жаш. Ошондой эле аялдар узагыраак жашайт: 2023-жылы аялдардын жашоо узактыгы 77 жаш, ал эми эркектердики – 68 жаш болгон. Бул айырмачылык эркектердин арасында өлүмдүн жогорку деңгээли аялдардыкына караганда 1,5 эсе ашат дегенди түшүндүрөт.

Жаштардын жогорку деңгээли да үй-бүлө курууга таасирин тийгизет. 2023-жылы 45 миңден ашуун аял никеге турган. Алардын 87%ы турмушка биринчи жолу чыккан. Аялдардын көпчүлүгү 20-29 жашында турмушка чыгууну каалашат, алардын жарымы (50%) 20-24 жашта болгон.

Алгачкы никеге туруунун орточо курагы – 24 жаш, ал эми кайтадан никеге туруунуку – 35 жаш.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version