Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аялдар орточо 23-24 жашында эне болушат

Жылына орто эсеп менен 146 миңге жакын аял эне макамына ээ болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстандык аялдар  орточо 23-24 жашта биринчи баласын төрөйт. Орто эсеп менен үч балалуу болушат.

Аялдар калктын 50,9 пайызын (3 млн. 619 миң) түзөт. Алардын 36 пайызы шаарда, 64 пайызы айылда жашайт.

2023-жылы 1298 эгиз (2022-жылы — 1001) жана 14 үч эм (2022-жылы — 4) төрөлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version