Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аялдардын көбү тейлөө тармагында иштешет

Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери” жыйнагында Кыргызстанда аялдардын жумуш менен камсыз болушу тейлөө тармагында эң жогору экени айтылды.

Документте экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча республикада аялдар менен эркектердин жумуш ордун бөлүштүрүү “алардын физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана калыптанган салттарынын ар кандайдыгынан улам” олуттуу айырмачылыктарга ээ экени белгиленген.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө аялдар көбүрөөк көрсөтүлөт, мында алардын кызматкерлеринин жалпы санында кыймылсыз мүлк операциялары (100%), билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр (ар бири 77%) сыяктуу иштерде үлүшү басымдуулук кылган.

Эркектердин жогорку үлүшү өндүрүш тармагында өнүккөн: курулушта (болжол менен 99%), транспорттук ишмердүүлүктө жана товарларды сактоодо (96%) жана тоо-кен казып алууда (95%).

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

 

Exit mobile version