Кыргызстанда аялдардын саны 3 млн 200 миңди түзөт

Кыргызстанда аялдардын саны 3 млн 200 миңди түзөт

Кыргызстанда аялдардын саны 3 млн 200 миңди түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Аталган комитет 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда канча аял жашай тургандыгы боюнча статистика түзгөн.

Өлкө калкынын 50,4 пайызы аялдар.

«Аялдардын 65%ы айыл жергесинде турушат. Ошол эле учурда ар бешинчи аял Жалал-Абад облусунда же Ош облусунда турса, ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт.

2018-жылга карата эмгек курагындагы аялдардын ичинен 48%ы иштеген. Алардын орточо жаш курагы 38 жашты түзөт. Аялдардын көпчүлүгү саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана, ресторан жана соода тармагында иштешет.

2018-жылы 50 миңге жакын аял киши турмуш курган. Негизинен кыздар 18-25 жашында күйөөгө тийишет», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>