Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аялдарга карата фемицид болууда — депутат

Кыргызстанда аялдарга карата фемицид болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Бүгүнкү парламенттин жыйында депутаттар Баткенде киши колдуу болгон өспүрүм кыздын өлүмү боюнча окуяга байланыштуу үн катышты.

Жыйында Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда зордук-зомбулук боюнча козголгон кылмыш иштеринин сотко өтүшү боюнча статистиканы окуп өттү.

«Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы зордук-зомбулук боюнча 278 иш козголсо, сотко 38%ы эле жеткен. 2020-жылы 673 кылмыш иши ачылса, 16%ы эле сотко өтүптүр. 2021-жылы 640 иш козголуптур. Алардын 21%ы эле сотко өткөн экен. Зордук-зомбулукка дуушар болгондордун бары эле кайрылбайт. Укук коргоо органдарына кайрылып, катталган учурларда 95%ы аялдар жана жашы жете элек балдар болууда», — деди депутат.

Ошол эле учурда ал зордук-зомбулукка дуушар болгондор коркутууларга туш болорун да белгилеп өттү. Соңунда ал Кыргызстанда аялдарга карата фемицид болуп жатканын билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version