Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда аялуу катмарларга атайын социалдык талон берилет

Кыргызстанда калктын аялуу катмарына социалдык талондор берилет. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Өз кезегинде Социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптыгы барларга жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова “Акчабарга” билдиргендей, бул токтом жаңы эмес, ал 2017-жылы эле бекитилген.

«Министрлик механизмдерди иштеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат», — дейт ал.

Социалдык талондор аз камсыз болгондорго, пенсионерлерге, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана социалдык камсыздандырууда каттоодо турган башкаларга берилет. Аларда жарандар чач тарачка, мончолорго барып, кир жуучу кызматтардан жана башкалардан акысыз пайдалана алышат.

«Талондор жергиликтүү бийлик тарабынан, анын бюджетине жараша берилет. Азыр биз негизинен мамлекеттик социалдык буйрутманы ишке киргизүү мөөнөтүн кыскартуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз», — деп түшүндүрдү Чолумова.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version