Кыргызстанда баасы 5 миң долларлык койдун жаңы породасы катталды

Кыргызстанда баасы 5 миң долларлык койдун жаңы породасы катталды

Айыл чарба министрлиги койдун «Арашан» деп аталган жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу мекеменин «Фейсбуктагы» расмий баракчасында маалымдалды.

Асылдандыруу өткөн кылымдын 70-жылдарында, башкача айтканда, республикага гиссар койлору алынып келинген учурдан тартып башталган. «Арашан» породасындагы койлор ири жана ошондой эле эт-майлуу болушат. Мындан тышкары, алар альп жана өрөөн шарттарында сактоого ылайыкташтырылган.

Учурда Кыргызстанда ушул тукумдагы 5 миңден ашуун кой бар. Белгиленгендей, козунун болжолдуу баасы 1000 доллар, ал эми кой 5000 доллар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>