Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү төмөндөөдө

Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү төмөндөөдө

2020-жылы Кыргызстанда төрөлүү 2019-жылга салыштырмалуу 9%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 158 миң 174 ымыркайдын төрөлүшү катталды.

2019-жылы республикада 173 миң 601 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган.

2020-жылы — 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 миң 427 каттоого аз.

2020-жылы республикада 40 миң 1 өлүм катталды.

2019-жылы 33 миң 317 адам каза болгон.

2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу 6 миң 684 адам көп каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>