Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда балык уулоого онлайн уруксатты кантип оңой жана тез алса болот?

Балык уулоону сүйгөндөр үчүн жагымдуу кабар! Мындан ары балык уулоого уруксат берген электрондук билеттерди, карталарды MegaPay тиркемесинде онлайн буюртма берип, төлөп алса болот.

Сервис MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин астындагы «Түндүк» мамлекеттик мекемеси, КРнын Айыл-чарба министрлиги менен биргеликте өлкөнүн жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыгып, ишке ашырылды.

Балык уулоо үчүн электрондук документтерди алууга төмөнкүлөрдү аткаруу кажет:

Даяр!

Даяр электрондук билеттерди же карталарды «Атайын кызматтар» – «КРдеги балык уулоо үчүн билеттер» – «Менин билеттерим» бөлүмүнөн табууга болот. Документ PDF форматында болгондуктан аны өз телефонуңузга көчүрүп алып, егерге көрсөтүүгө да мүмкүндүк бар. Ошондой эле электрондук билеттер жана карталар атайын QR-коддорду камтыйт, аны егерь сканерлеп документтин жасалма эместигин аныктай алат.

Кызмат үчүн комиссия 20 сом.

MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

Exit mobile version