Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайт

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолун бөлүштү.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

«Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт», — деди ал.

Exit mobile version