Кыргызстанда медициналык беткаптарды өндүрүү боюнча жергиликтүү өндүрүш жолго коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миӊ даана бет кап жеткирилген. Жарандар аларды көп санда ашыкча сатып алгандыктан, дефицит жаралууда. Бүгүнкү күндө бекитилген баасы – 10 сом, бир адамга 3 даана маска сатуу чеги орнотулган.
Көптөгөн өлкөлөр башка мамлекеттерге беткаптарды жана антисептик каражаттарды экспорттоого тыюу салды.