Кыргызстанда биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу ушул жылдын 3-майында башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Учурда жабдууларды орнотуу жана тесттик паспортторду басып чыгарууну сыноо иштери жүрүп, программалык камсыздоо аяктап жатат.
Мындан тышкары, 2020-жылдын электрондук жалпы жарандык паспорттун үлгүсүнүн баасы бекитилген:
- 50 барактык паспорт — 920 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда);
- 34 барактан турган паспорт — 857 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда).