Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда бир айдын ичинде нан 6%га кымбаттады

Кыргызстанда 26-ноябрга карата 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын баасы (1 кг) 54,82 сомду түздү, деп билдирди өлкөнүн статистикалык кызматы.

Ошол эле учурда нандын бул түрүнүн орточо баасы октябрь айында 51,67 сомду түзгөн. Ошентип, бир айга жетпеген убакытта баа 6,09% га жогорулады.

Республикада нандын орточо наркынын өсүшүнө эң чоң таасирин Оштогу баалар көрсөттү, аларда өсүш 18,77%ды түзүп, 59,02 сомго, Исфанага (+11,34%га 66,67 сомго), Ноокатка (9,69%га 70,93 сомго) жетти.

Ошол эле учурда Нарын менен Таласта нандын баасы арзандаган.

Exit mobile version